Жаңылыктар
Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктайт

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү эки күндөн кийин аяктайт. Ал арада Салык кызматы юридикалык жана жеке жактардан салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алууну улантууда. 1-апрелге чейин жарандар жакын жердеги салык бөлүмдөрүнө түнкү саат 12ге чейин декларация тапшырса болот.

Он жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенген Мээрим Мамасалиева бул ирет салык декларациясын да, камсыздандыруу төгүмдөрүн да оңой тапшырды. Юридикалык жана жеке жактардан түшкөн маалыматтар автоматтык түрдө порталга жүктөлөт. 

Салык органдары жеке жактарга ар тараптан жана толук кандуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын иш тартибине өтүштү. Келгендер кезекке турбай эле тиешелүү маалыматтарды бир саатка жетпеген убакытта тапшырып жетишүүдө.