Президент Садыр Жапаров КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Аны Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Алмата шаарында уюштурулган маарекелик отурумунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов окуп берди. Анда "Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өзүнүн калыптануу жана өнүгүү мезгилинде чөлкөмдөгү бирдиктүү экономикалык, социалдык жана маданий-гуманитардык мейкиндикти түзүүгө, жаңы суверендүү мамлекеттердин чыңдалышына чоң салым кошту. Айрыкча, мында Парламенттер аралык ассамблеянын ролу жогору" - деп белгиленген.
Ошондой эле өз кайрылуусунда Президент КМШ ПААнын биринчи пленардык жыйыны 1992-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарында өтүп, анын жүрүшүндө ассамблеянын регламенти кабыл алынганын эске салган. "Шайлоо процесстерине КМШ ПААнын байкоо жүргүзүүсү демократиялык өнүгүүдөгү маанилүү элементтердин бири болуп калды. Кыргызстан КМШ ПААнын алкагында жигердүү ишин улантуу менен Жогорку Кеңеш “Шериктештиктин балдары” долбоорун демилгелеп, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты негиздеген. Андыктан, ассамблеянын ишмердүүлүгү мындан ары да КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык, социалдык жана саясий өз ара аракеттенүүнү укуктук жактан камсыздоого багыттала берээрине терең ишенем",- деп айтылат Президенттин куттуктоосунда.