Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, көрүнүктүү жазуучу, публицист, журналист, КУУнун профессору Абдиламит Матисаковдун "Баткан күндү аяймын" китеби жарык көрдү.
Жазуучунун 65 жылдык маарекесине карата публицист Мундузбек Тентимишевдин Матисаков тууралуу баяндаган "Жүрөгүндө күн жашайт" китебинин бет ачары өттү. Бул эмгек жазуучунун кыргыз адабияты менен маданиятына кошкон салымы, жасаган эмгеги, улуттук журналистиканын өнүгүшүнө юбилей ээсинин "Баткан күндү аяймын" аттуу жыйнагы идеялык-көркөмдүүлүктүн өзгөчөлүктөрү, нукуралуулугу, ошондой эле чыгармаларындагы образдарды турмуштун негиздүүлүгүнө жараша чагылдыргандыгы тууралуу жазылган.
Буга чейин Абдиламит Матисаковдун "Тандыр", "Ак коргон" аңгемелер жыйнагы, "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй", "Атамды көргөн өлбөсүн" эмгектери жарык көргөн.