Жаңылыктар
"Жашыл мурас" өнөктүгү уланууда. Бишкектеги "Ынтымак" эс алуу багына көчөттөр отургузулду
Кыргызстан жаңылыктары
"Жашыл мурас" өнөктүгү уланууда. Бишкектеги "Ынтымак" эс алуу багына көчөттөр отургузулду

"Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы "Ынтымак" эс алуу багына көчөттөр отургузулду. 

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик уюштурган иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Конфессиялар аралык кеңешинин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын негизги максаты социалдык инфратүзүмдү, шаардын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу-көрктөндүрүү менен бирге конфессиялар аралык диологду чыңдоо. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы "дүйнөдө көптөгөң терс көрүнүштөр болуп жаткан чакта Кыргызстан конфессиялар, этностор аралык тынчтыкка жана биримдикке чакырып, ушундай керектүү жана жемиштүү иш-чараларды өткөрүүнү суранам" дейт.

""Жашыл мурас" улуттук жашылдандыруу кампаниясынын алкагында Бишкекке 100 миңге жакын бак-дарактарды отургузуу пландалууда. Ошол иш-чарага ушундай ынтымактуу биргелешип киришип жаткандын өзү бул бийиктик, достук",- деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.