Жаңылыктар
"Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору талкууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору талкууда

"Элдик Курултай жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын долбоорун талкуулоо 3-апрелде аяктайт. Ал Конституциянын 2-беренесинин 7-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. 

Мыйзам долбоору 21 беренеден турат. Конституцияга ылайык жарандар мыйзамдарды жана республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу. Жарандар коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өзүнүн өкүлдөрү аркылуу катышат. 

Элдик Курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңешүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет. Ушул тапта сунуштар жана сын-пикирлер Президент жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгы аркылуу кабыл алынууда.