ӨКМдин өрткө каршы жана куткаруу кызматтарынын маалыматы боюнча өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган.
Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.