"Манас" эпосуна байланышкан документтер менен маалыматтарды санариптештирүү алкагында "manas-discovery.kg" сайты ишке кирди.
Эми окурмандар чөнтөк телефондон эпостун мазмуну, каармандарынан баштап, китептердин, илимий изилдөөлөрдүн, макала, маектердин электрондук версияларын, манасчылардын өмүр баянын окуй алат. Ошондой эле, сайтта эпоско байланыштуу бардык медиа материалдар жеткиликтүү көрсөтүлгөн. Түзүүчүлөрдүн айтымында, сайттагы маалыматтар улам жаңыланып, кызыктуу жаңылыктар менен толукталып турат.
Максаты - "Манас" эпосун жөн гана оозеки элдик чыгарма катары баалабай, аны терең изилдөө, эпосто камтылган ар бир идеяны талдап чыгуу жана заман талабына ылайык, баалуулуктарды жайылтуу болуп саналат.