Алыкул Осмонов атындагы китепканада Улуттук банктын 30 жылдыгына арналган көргөзмө өтүүдө. Анда банктын эгемендик жылдарында басып өткөн жолу чагылдырылган.
Улуттук акча бирдиги сом 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган. Банкнотторго кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын элесин түшүрүү чечими кабыл алынган. Көргөзмөгө нумизматикалык монеталар дагы коюлду. Ар бир даталуу күндөргө жана атактуу инсандардын мааракелерине арналып чыгарылган тыйындардын коллекциялары бар.
Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге лекция окуп, акча тууралуу бардык маалыматтар, алардын өнүгүү тарыхы, сактоо жолдору, жүгүртүү системалары жана башка акчага байланышкан маселелердин тегерегинде маалыматтар айтылды.