"Керемет Банктын" активдерин чыгарып кетүү фактысы боюнча кылмыш иши токтотулду. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, алдамчылык менен катталган кылмыш ишин тергөө учурунда 97,45% акциясы мамлекетке таандык болгон "Керемет Банк" ачык акционердик коомунун активдерин өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу менен ири насыяларды берген мыйзамсыз жагдайлар аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган банктын жооптуу кызматкерлери тарабынан "Риола" Жоопкерчилиги чектелген коомуна 2,3 миллион доллар кредиттин берилишине макулдук берилип, аны колдоо максатында банкка баасы жогорулатылган мүлк коюлганы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө бул келишимде "Карвен Групп" холдингинин ээси күрөөнү мыйзамдуу сатуучу катары чыгып, "Керемет Банк" мурдагы жетекчилигинин демилгеси менен иш алып барганы аныкталган.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, бул келишимде "Карвен Групп" компаниясынын негиздөөчүсү Генрих Балян үчүнчү жак макамына ээ болгонуна карабастан, "Керемет Банк" жана насыя алуучу "Риола" менен жарандык-укуктук келишим түзүү жолу аркылуу мурда ага таандык болгон, банкта күрөөдө турган кыймылсыз мүлктү сатып алып, "Риоланын" жалпы суммасы 148 млн сом болгон карызын толугу менен төлөп берген. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен кылмыштын курамы жок болгондуктан, иш токтотулду.