"Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде". Президент Садыр Жапаров мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин айланасында болуп жаткан маселе боюнча пикирин билдирди.
Мындан эки күн мурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Анда айыпталуучу Атамбаев сот залына кирүүдөн баш тартып койгон. Бул маселе коомчулукта ар кандай талкуу жараткан.