Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты

Бүгүн Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо башталды. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. 

Өлкө башчысы "Кыргызстанда ар бир адам маанилүү" ураанынын алдында башталган иш-чарага жигердүү катышууга чакырып, өзү да катоодон өттү. 

Мамлекет башчысы каттоонун натыйжасында алынган маалыматтардын негизинде өлкөнүн өнүгүү багыты, келечеги аныкталаарын айтты. Ошондуктан, жарандарды өнөктүккө терең түшүнүү, жоопкерчилик менен мамиле кылууга үндөдү.