УКМКнын чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы техникалар менен камсыздалды. Аларды салтанаттуу түрдө тапшырган Президент Садыр Жапаров Кыргызстан буга чейин грант түрүндө жардам катары эски техникаларды алып келсе, мындан ары өз каражатына заманбап техникаларды сатып алып турарын белгиледи.
Азырынча чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн бюджеттен 3 млрд сомго жакын каражат каралууда. Ал эми, бүгүн тапшырылган "Тигр" үлгүсүндөгү унаалардын басымдуусу Баткен облусуна жеткирилет.