Жаңылыктар
УКМКнын Чек ара кызматы "Тигр" үлгүсүндөгү жаңы унаалар менен камсыздалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМКнын Чек ара кызматы "Тигр" үлгүсүндөгү жаңы унаалар менен камсыздалды

УКМКнын Чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы техникалар менен камсыздалды. Аларды тапшыруу аземине катышкан Президент Садыр Жапаров Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү мамлекеттин аскердик саясатынан, Куралдуу күчтөрдүн даярдыгынан, техникалык жактан камсыздалышынан жана экономиканын туруктуулугунан көз каранды экенине токтолду. 

Мамлекеттик коопсуздук чек арадан башталарын айткан Президент эр жүрөк, эч нерседен тайманбаган, ар-намысы бийик чек арачылар Мекен чегин көздүн карегиндей сактап келишерин белгиледи. Чек араны кайтарууда зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак жайлар, учкучсуз учуучу аппараттар, чопкутталган техникалар, унаалар, “Тигр“ үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон унаалар жана башка курал-жарактар сатылып алынууда. Президент мунун баары мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынып жатканын кошумчалады.

“Биз эч качан биринчилерден болуп башка бироолорго катылбайбыз. Бирок катылгандын катыгын берип келген Манас атабыздын урпактары катары духу күчтүү чек арачыларыбыз берген антына бекем туруп, кынтыксыз кызмат өтөп жаткандыгында эч кимдин шеги жок. Ошентсе дагы бүгүнкү замандын чакырыктары менен коркунучтарына тийиштүү жооп кайтарууга, аймактагы тынчтыкты сактап, эл-журтубуздун коопсуздугун камсыздоого заманбап техникалардын болушу дагы өтө маанилүү фактор болуп саналат. Мына ошондуктан чек арачыларыбызды заманбап техника жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууну улантып жатабыз”,- деди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров.

"Бул сатылып алынган техникалардын бардыгы эртеңден баштап, мамлекетибиздин чек арасын коргоого аттанышат. Негизинен бул техникалардын көпчүлүгү Баткен жергесине жөнөтүлөт. Себеби, өзүңөр билесиңер Баткен тарапта биздин чек арабыз кооптуу болгондуктан, былтыртан бери Президентибиздин түздөн-түз көрсөтмөсүнүн негизинде былтыр дагы 40 брондолгон машине сатып алганбыз Араб Эмираттарынан Дубайдан сатып алып келгенбиз”,- деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев.