Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 58 өрт өчүрүүчү унаа сатылып алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 58 өрт өчүрүүчү унаа сатылып алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 58 өрт өчүрүүчү унаа сатылып алынды. Бул долбоор өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банк менен биргеликте 5 млн долларга ишке ашырылды. 

Техникаларды расмий түрдө аталган министрликке тапшырган Президент Садыр Жапаров өлкөдө жылына 4 миңден ашык өрт кырсыгы катталып, натыйжада мамлекет миллиард сомдун тегерегиндеги материалдык чыгымдарга учурап жатканын белгиледи. Бул өрт өчүрүүчү унаалар өрт кырсыктарына жана ар кандай өзгөчө кырдаалдарга өз учурунда ыкчам чараларды көрүүгө шарт түзмөкчү. Былтыр дагы Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте инженердик 85 техника сатылып алынган. 

Бүгүнкү күндө алар республиканын бардык аймактарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга колдонулуп жатат. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине быйыл бюджеттен 300 млн сомдон ашык акчага элдин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган техникаларды жана 2 миллиондон ашык еврого тик учак алынары белгиленди.