УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана көзөмөл-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылып жатат.
"Манас" эл аралык аэропортунун Ош филиалынын бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылмыш аныкталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси менен кылмышка шектелип бажы кызматкери кармалып УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.