Статистика боюнча улуттук комитет элди жана турак жай фондун каттоого байланышкан маселелерди кабыл алуу үчүн ишеним телефонун уюштурду.
"1216" кыска номериндеги Call-борбор 10-майга чейин иштейт, аны тейлөөгө Статкомдун кызматкерлери тартылган. Бул каттоо процесстери маалында жаралган маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын объективдүү, ар тараптуу жана өз убагында кароо, ошондой эле мыйзам бузууларга жол бербөөгө багытталган.
Ишеним телефону иш күндөрү күн сайын саат 8.30дан 18.00гө чейин, ал эми эл каттоо өткөрүлүп жаткан мезгилде 8.30дан 20.00гө чейин иштейт.