Бишкекте ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ленин районунун Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ленин заводунун аймагындагы темир эритүүчү цехтен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, ыкчам топ тартылды.
Мындан сырткары, Бишкек шаардык суу чарба башкармалыгынан 1 бригада чыккан. Тилсиз жоо саат 07:23тө чектөөгө алынды. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн болжолдуу аянты 500 чарчы метр. Жабыркагандар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.