Жаңылыктар
Эдил Байсалов Украинанын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Эдил Байсалов Украинанын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Украина тараптын өтүнүчү боюнча аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды. 

Жолугушууда Украинадагы учурдагы абал тууралуу элчинин маалыматы угулду. Байсалов кандай гана чыр-чатак болбосун саясий-дипломатиялык сүйлөшүүнүн негизинде чечилиши керек экенин айтты. Тараптар кырдаалды жөнгө салуу үчүн жаңы форматтагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү издөө зарыл экендигине токтолду. Кыргызстан БУУ Уставында жана башка документтерде белгиленген эл аралык укуктун нормаларын, принциптерин сактоону, биринчи кезекте мамлекеттердин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоону кубаттай турганы белгиленди. 

Эдиль Байсалов бүткүл дүйнө, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөр санкциялардан жапа чегип, узак мөөнөттүү экономикалык төмөндөөгө кептелиши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди. Мындан тышкары, тараптар Украинадан Кыргызстандын жарандарын коопсуз эвакуациялоо маселелерин талкуулашты.