Ишкерлерди колдоо, алардын укугун коргоо боюнча өлкөдө бир жылдын ичинде көптөгөн жылыштар болду. Бирок, ага карабастан мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерге болгон кысым же башка мыйзам бузуулар акырына чейин жоюула элек. Бул тууралуу ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин биринчи отурумунда башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Маалым болгондой, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоол болгон бизнес өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө негизсиз киришүү, аларды мыйзамсыз текшерүү жана башка көптөгөн орчундуу маселелерди болтурбоо жана алдын алуу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан мыйзамдуу иш алып барууга тоскоолдуктарды жаратып жаткан жагдайларды биргелешип чечүү тууралуу сунуштар айтылды.
Ишкерлердин укуктарынынын сакталышына багытталган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бүгүнкү күндө прокуратура органдарынын приоритеттүү багыты бойдон калууда.