1-апрелден тартып 309 миң кишинин эмгек акысы көбөйөт. Бул туурасында Финансы министри Алмаз Бакетаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, айлыгы жогорулоочулар мугалимдер, дарыгерлер, маданият жана социалдык кызматкерлер.
Президент алардын айлыгын 50дөн 100 пайызга чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн түзүү зарылдыгын айтты. Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы орточо 80 пайызга көтөрүлөт. Жаңы модель менен эсептегенде мугалим болуп жаңы иштеп баштагандар 20 миң сомго чейин алышат.
Бул категорияга кирген кызматкерлер бүгүнкү күндө 7 миң сомго чейин айлык алышат - деди Бакетаев. Финансы министри белгилегендей, социалдык кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө 26 млрд сом керектелет.