Кыргызстандан аткезчилик жолу менен Баткен аркылуу негизги азык-түлүктөрдү ташып кетүүгө аракет кылып жаткандар бар. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
УКМК төрагасы коңшу өлкөдө ун менен кумшекер 1,5 эсе кымбат, ал эми өсүмдүк майы жок калганын айтты. Ташиев Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жатканын айтып, тийиштүү мекемелердин жетекчилери жеке жоопкерчиликте экенин эскертти.
“Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Салык кызматы биргелешип Баткендеги чек араны карагыла. Бардык азык-түлүктү азыр чыгарып кетип жатышат. Чек арага чеп болуп туруп, бир да килограмм май, ун, кумшекер өткөрбөгүлө. Бул негизги максат”,- деди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев.