Жаңылыктар
Суу ресурстарын сарамжал пайдалануу. "Кумтөр" ишканасы суу үчүн акы төлөө демилгесин көтөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Суу ресурстарын сарамжал пайдалануу. "Кумтөр" ишканасы суу үчүн акы төлөө демилгесин көтөрдү
Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө суу тартыштыгы байкалып, бул маселе учурдун башкы көйгөйүнө айланды. Кыргызстанда сууга акы төлөө 2005-жылдагы Суу кодексинде ачык-айкын жазылганына карабастан, буга чейин эч ким аткарган эмес. 
"Кумтөр" ишканасы сырткы башкаруу киргизилгенден тартып, компания алгачкылардан болуп суу үчүн акы төлөө демилгесин көтөрдү. Ошондой эле сууну рационалдуу пайдалануу жана суу ресурстарын сактоо боюнча чечкиндүү кадамдар жасалып, башка тоо-кен ишканаларына үлгү болууда.

Суу - тиричиликтин башаты, жашоонун негизги булагы эмеспи. Кыргызстанда акыркы бир жылда сууну сарамжал пайдаланууга багытталган конкреттүү иштер жасалууда. “Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартибин бекитүү” тууралуу Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы токтомуна ылайык, Кыргызстандагы өнөр жай ишканалары, ишкерчилик субъектилери суу үчүн акы төлөп баштады.