Эртеңден тартып өлкөдө эл каттоо башталат. Өнөктүк биринчи жолу электрондук түрдө ишке ашырылмакчы.
Мындан улам убактылуу каттоо кызматкерлери атайын окуулардан өткөрүлдү, 28 миңге жакын кызматкерлер тартылат. Эл жана турак жайды каттоо 3-апрелге чейин, ал эми алыскы аймактарда 23-апрелден 2-майга чейин өткөрүлөт.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев бул 2022-жылдагы эң маанилүү иш-чара экенин белгилеп, калкты жана турак жай фондун каттоонун экономикалык жана саясий чоң мааниси бар экенин билдирди. Калкты каттоонун натыйжасында Кыргызстанда жашаган жарандардын так санын билүүгө болот.
"Эл каттоо 10 жылда бир жолу жүргүзүлөрүн билебиз. Кыргызстанда биринчи жолу 1999-жылы, экинчи жолу 2009-жылы өткөн. Биз аны 2020-жылы өткөрүшүбүз керек болчу, бирок коронавирустун пандемиясынан улам башка күнгө жылдырууга туура келди",- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев.