Жаңылыктар
Доллардын баасы арзандоодо
Кыргызстан жаңылыктары
Доллардын баасы арзандоодо
Бүгүн эртең менен доллардын баасы бир топ төмөндөй баштады. Шаршемби күнкү ушул сааттарга салыштырмалуу АКШ акчасын сатып алуу 4 сом 7 тыйынга, сатуу 4 сом 70 тыйынга арзандады. 
Кыргызстандын айрым банктары эң арзан дегенде долларды 90 сомдон сатып алууда. Ал эми сатуунун баасы 92 сом 50 тыйындан башталып жатат. Евронун баасы дагы бир топ түштү. Валютаны сатып алуу 4 сом 53 тыйынга арзан, же 102 сом 48 тыйын, сатуу 5 сом 24 тыйынга арзандаган, же 104 сом 77 тыйын болгон. 
Украинага байланышкан абалдан кийинки Россияга салынган санкциялардан улам экономикалык кырдаал тез өзгөрүп кетти. Орусиянын өзүнөн сырткары бир катар мурдагы советтик өлкөлөрдө чет элдик валюталар кескин кымбаттады.