Жаңылыктар
"Манас" аба майданы былтыр 3,8 млн жүргүнчүнү тейледи
Кыргызстан жаңылыктары
"Манас" аба майданы былтыр 3,8 млн жүргүнчүнү тейледи

"Манас" эл аралык аэропорту былтыр 3,8 млн жүргүнчүнү тейлеген. Бул туурасында аба майдандын былтыркы жылдын өндрүштүк көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгында айтылат. 

Өткөн жылы аэропортто 33 миң 761 каттам аткарылган. Алардын 22 миң 802си эл аралык каттамдар болсо, 10 миң 959у ички каттамдар. Жалпы 3 млн 988 миң 614 жүргүнчү тейленди. Анын ичинен, 2 миллион 592 миң 175 эл аралык каттамдардын, 1 миллион 396 миң 439 ички каттамдардын жүргүнчүлөрү. Ошондой эле, 2021-жылы 23 миң 763 тонна жүк ташылган.