Кудай буюрса, өз күчүбүз менен Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун кура баштадык, - деп жазды Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасына.
Темир жолдун курулушу 1-2 жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеде улантылат. "30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык.
Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадга жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз" - деди мамлекет башчысы.