Быйыл Каракол шаарында дүйнөлүк эпос айтуучулардын форуму өтөт. Ага чет мамлекеттерден өкүлдөр чакырылат.
Дүйнөлүк айтуучулук өнөрдүн коомдогу ордун аныктап, анын негизинде эл аралык долбоорлорду түзүү максатын көздөйт. Бул туурасында "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев Жалпыга маалымдоо каражаттарына академиянын ишмердүүлүгүн тааныштырып жатып билдирди. Жаңы түзүлгөн курамдын жасаган ишинин 100 күндүк отчету берилип, алдыда аткарыла турган иш планы тааныштырылды.
Жакында "Манас изи" долбоорунун алкагында, Манастын ысымы кездешкен дүйнөдөгү жер-суу аттарынын картасы түзүлөт, ал эми "Манас ааламы" долбоору эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин "Манас" эпосунун сюжетинин негизинде тартылган живопистик чыгармаларын Ала-Тоо аянтындагы 86 аркага жайгаштырууну мерчемдөөдө. Мындан тышкары эпоско жана Айтматов ааламына байланышкан ондогон чоң долбоорлор ишке ашырылат. Бул үчүн мэриядан кошумча каражат бөлүнөрү айтылды.