Баткен келечекте өнүккөн аймакка айланат. Облуска өзгөчө көңүл бурулуп, жыл сайын 500 млн. сом бөлүү каралган. Баткенге берилген өзгөчө макамдын алкагында конкреттүү программа иштелип чыгып, анда белгиленген тапшырмалар ырааты менен аткарылып жатат. Өнүктүрүү программасына ылайык, быйыл 10 ири долбоор ишке ашырылмакчы.
Баткенди ар тараптан өнүктүрүү, калктын жашоо деңгээлин жана инфратүзүмдү жакшыртуу, экономика, айыл чарба боюнча 30 долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Мунун баары Баткенди өнүктүү программасына камтылып, 125 млрд. сом каралат.
Каралып жаткан акчанын 45 млрд. сомуна өнөр жай ишканалары курулуп, кендер казылат. Себеби, Баткенде жер казынасынын жетиштүү кору бар. Президент дагы өлкөнүн өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлеп, чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгилеген.
Калкынын басымдуусу дыйканчылык менен алектенген Баткенде айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган тармакты өнүктүрүү үчүн миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт.
Баткенге берилген өзгөчө макамга байланыштуу ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, жергиликтүү тургундарга салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо каралууда. Адистер мамлекеттин бул кадамдары убагында тыным албай иштеп турган өндүрүш ишканаларын жандантып, жумуш орундарын түзөт деген пикирде.
Баткен чек ара маселесинин чордону эмес, мекенчилидикке, кайратуулукка шыктандырган өнүккөн аймакка айланат. Баткен бүгүнкү күндө мамлекеттин көңүл борборунда.