Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоого көрүлүп жаткан даярдыктар Президент, Улуттук статистикалык комитеттин төрагасын кабыл алганда талкууга алынды. Мамлекет башчысы алдыдагы окуянын масштабдуулугун жана маанилүүлүгүн белгиледи.
Эки күндөн кийин өлкөдө эл жана турак жайды каттоо башталат. Бул жолу биринчи ирет өнөктүк электрондук түрдө жүргүзүлөт. Мындан улам убактылуу каттоо кызматкерлери атайын окуулардан өткөрүлдү. 28 миңге жакын координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана каттоочулар тартылат. Каржы маселелери чечилген.
Жарандар жана турак жай тууралуу маалыматтардын бары Улуттук статистикалык комитетте сакталат жана купуялуулукка кепилдик берилет. Бул маселени Президент Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алганда өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы коронавирустук пандемия шартында иш-чаранын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жана кыргызстандыктардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун камсыздоо зарылдыгын айтты. Президент алдыдагы окуянын масштабдуулугун жана маанилүүлүгүн белгиледи.
Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы каттоого көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берди. Калкты каттоо биринчи жолу мобилдик тиркемени колдонуу менен электрондук форматта каттоочулардын жеке уюлдук телефону же планшет аркылуу өткөрүлөт. Зарыл болгон эпидемиологиялык ченемдерди сактоо максатында Улуттук статистика комитети Саламаттык сактоо министрлиги менен пандемия учурунда калкты каттоонун алгоритми иштелип чыкты, жеке коргонуу каражаттар сатылып алынды.
Бул Кыргызстанда өткөрүлө турган үчүнчү эл каттоо. Буга чейин 1999-кийин 2009-жылы өткөрүлгөн. Эл каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта ар бир каттоочу өзүнө тиешелүү аймакты кыдырып, сурамжылоону бүтүрүшү керек.