22-мартта Кызыл-Кыя шаарындагы Жин-Жиген айылында көмөкчү чордон (трансформатор) өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө шаардагы №62 ӨККБсынын 1 бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 18:40та өрттү чектөөгө алышты. Өрт өчүрүүчү куткаруучулардын ыкчам аракети астында саат 18:59да толугу менен өчүрүлдү. Тилекке каршы, аталган көмөкчү чордон толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.