Жаңылыктар
Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл

Жогорку Кеңештин Япония менен кызматташуу боюнча парламенттик тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сигеки Маэда жана JICAнын туруктуу өкүлү Хироюки Кавамото менен жолугушту. 

Талайбек Масабиров быйыл Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленип жатканына токтолуп, бул аралыкта эки өлкө биргелешкен күч-аракет менен бардык багыттагы кызматташтыктар боюнча жакшы натыйжаларга жетишкенин белгиледи. 

Кыргызстанда Жапониянын колдоосу менен социалдык-экономикалык мааниге ээ көптөгөн гранттык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Элчи достук мамилени чыңдоого жигердүү умтулуу менен Эл аралык кызматташтык агенттиги экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн ар кандай долбоорлорду ишке ашырып жатканын маалымдады.