Жаңылыктар
Дарыгер, мугалим, маданият кызматкерлеринин айлык маяналары көбөйтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Дарыгер, мугалим, маданият кызматкерлеринин айлык маяналары көбөйтүлөт

1-апрелден баштап дарыгер, мугалим, маданият кызматкерлеринин айлык маяналары көбөйтүлөт. Бул багытта бюджеттен 30 миллиард сом каралган. Ал эми жыл башынан бери мамлекеттик жөлөк пулдардын өлчөмү 100 пайызга, жарандардын айрым категорияларына 200 пайызга чейин көбөйтүлгөн.

Өткөн жылдан бери жарандардын жашоо шартын жакшыртууга аракеттер көрүлүүдө. Бул максатта кабыл алынган Президенттин жарлыктары, Министрлер Кабинетинин чечимдери жана тиешелүү токтомдор калктын социалдык жактан аялуу катмарынын турмушун жакшыртууга багытталган. Апрель айынан тарта социалдык тармактагы кызматкерлердин айлык маяналарын көбөйтүү каралууда. Пенсияны жогорулатуу боюнча аракеттер да бар. 

Бюджеттик тармакта иштегендердин эмгек акысын 50 пайызга көтөрүү демилгеси 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү учурунда белгиленген. Бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен 30 миллиард сом каралган. Министрлер кабинети бюджеттик тармакта эмгектенгендердин маянасын жыл сайын 20 пайызга жогоралатуу жагын кароодо.