Жаңылыктар
Быйыл жергиликтүү жана эл аралык маанидеги 400 чакырым жол оңдолот
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл жергиликтүү жана эл аралык маанидеги 400 чакырым жол оңдолот

Быйыл жергиликтүү жана эл аралык маанидеги 400 чакырым жол оңдолот. Ал үчүн бекитилген планга ылайык, 3 млрд сомдон ашык каражат каралууда. Былтыр пандемияга байланыштуу аталган тармакка бөлүнгөн акча 70 пайызга кыскарып, 266 чакырым гана жол капиталдык оңдоодон өткөн. Бөлүнгөн акчанын 30 пайыздан көбү кредитордук карыздан кутулууга жумшалганы транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат жыйынында айтылды.

Быйыл жол тармагына жетиштүү каражат бөлүнүп жатат. Капиталдык салымдар беренеси боюнча 4,6 млрд сом каралып, анын 600 млн сомдон ашыгы Баткен облусунун стратегиялык маанидеги жолдоруна жумшалат. 

Быйыл эл аралык маанидеги жолдордун курулушу, реконструкциясы уланат. Түндүк-түштүк алтернативдиүү жолунун бардык тилкесинде иш жүрүп жатат. Узундугу 433 чакырымдык каттам 3 фазага бөлүнгөн.