Баткен облусунда жолдорду курууга 650 млн сом бөлүндү. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаевдин билдиришинче, былтыр 250 млн сом бөлүнгөн.
Облустун өнүгүү стратегиясына ылайык, артыкчылыктуу долбоорлорго жыл сайын 500 млн сом бөлүү каралган. Бирок, быйыл облуста чек ара айланма жана эвакуациялоочу жолдорду куруу долбоорлорунун тизмесинде 37 объект бар. Жалпы 650 млн сом каралган.
Бөлүнгөн каражаттын алкагында 24 чакырым га асфальт-бетон, 361 чакырым жолго шагыл төшөлүп, үч көпүрөнүн курулушу бүткөрүлөт. Мындан тышкары, 46,5 чакырым жолдун долбоордук документтери даярдалган.