Бишкекте лифт чыгарган завод ишке кирди. Ата мекендик компания жылына 500 лифт жана турмуш-тиричиликте колдонулуучу жүк көтөрүүчү жабдыктарды чыгарат. Бул өлкөдөгү алгачкы көп тармактуу ишкана.20 миң чарчы метр аянттагы өндүрүш эл аралык талаптарга жооп берип, Германия, Корея, Кытайдын алдыңкы технологиялары менен иштейт. Заводдо жалпы 200гө жакын адам жумуш менен камсыз болгон. Келечекте жумушчулардын санын көбөйтүү, өндүрүштүн көлөмүн арттыруу пландары бар. Ата мекендик ишкерлерди колдоого мамлекет атайын программа кабыл алып, 3 жылдык салыктан бошотуу, жеңилдетилген насыя берүү боюнча иш алып барат.