Жаңылыктар
"Салык сервис" мамлекеттик мекемеси түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
"Салык сервис" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Салык кызматынын алдында "Салык сервис" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул мекеме салыктык укук мамилелерине көмөктөшүү жана милдеттемелерди аткарууга жакшы шарттарды түзүү, натыйжалуу башкаруу максатында негизделген.

Мекеменин милдеттери, Салык кызматы органдарынын маалыматтык системасынын ишин үзгүлтүксүз камсыздоо жана жакшыртуу, Салык органдарынын функцияларын аткарууга байланыштуу колдонулган материалдык-техникалык базаларды коштоо, керек учурда камсыздоо, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүнүн алкагында Кыргызстанга импорттолгон товарларды каттоону көзөмөлдөө иштерин арттыруу, Салык органдарында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн тармактарды керектүү консультанттар менен камсыздоо болуп саналат. Жогоруда белгиленген жагдайлардан улам "Салык сервис" мекемесин түзүү жана жобосун бекитүү чечими кабыл алынган.