Жаңылыктар
Ысык-Көл районунун Темир айылынын тургундары жалгыз бой энеге үй куруп беришти
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл районунун Темир айылынын тургундары жалгыз бой энеге үй куруп беришти

Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында жалгыз бой энеге үй курулду. Аны толугу менен айылдын 1985-жылы төрөлгөн тургундары ишке ашырган. 

Какен Жүзөнбаева жолдошунан эрте ажыраган. Төрт баласынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Классташтар курулушка 1 миллион сомдон ашык каражат сарптаган. Турак жай салтанаттуу түрдө ачылып, айыл тургундары жана классташтардын жубайлары үй ээсине керектүү бардык тиричилик буюмдарын белек кылышты.