Жаңылыктар
"Жашыл мурас": Нарында 500 түп арча көчөтү отургузулду
Кыргызстан жаңылыктары
"Жашыл мурас": Нарында 500 түп арча көчөтү отургузулду

Нарын шаарына "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында арчанын көчөттөрү отургузулду. 

Бак тигүү жөрөлгөсүнө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, шаар мэри Канболот Мусаев, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров жана башка мекеме жетекчилери катышты. 

Өлкө башчысы тарабынан демилгеленген "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Нарын шаарына 500 түп арча багынын көчөттөрү тигилди.