Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Ош облусуна иш сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылын суу менен камсыздоо тутумунун абалын көрдү.
12 миңден ашуун адам жашаган райондук борбордо жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого байланыштуу көйгөйлөр бар.
Ошондой эле, Эдиль Байсалов Курманжан Датка атындагы тарыхый-этнографиялык музейинде болуп, андагы экспонаттардын жана экспозициялардын абалы менен таанышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ош облусунун Алай районунун айыл өкмөттөрүнүн командалары ортосунда Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн көк бөрү турниринин финалисттерин сыйлоо аземине катышты.