Борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө бүгүн жарык өчүрүлөт.
"Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлагандай, саат 9:00-13:00 чейин — Ахунбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, 9:00-17:00 чейин 6-кичи райондогу №4 үйдө, Ахунбаев менен Чортеков, Можайск менен Багижский тар көчөлөрүнүн кесилишинде, 9:30-17:00 чейин Красный строитель жаңы конушунда, 9:30-17:00 чейин Саратов менен Алматы, Каралаев менен Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинде жана 11-кичи райондо, 12:00-18:00 чейин Үмөталиев менен Пушкин көчөлөрүндө жарык берүү үзгүлтүккө учурайт.