Баткен гүлдөсө, жалпы өлкө гүлдөйт! Баткен өнүксө, жалпы өлкө өнүгөт! Нооруз майрамы Баткен шаарында өлкө башчысынын катышуусунда белгиленди.
Күн менен түн тогошуп, жаңылануунун белгиси бул майрамда мамлекетти өнүктүрүү үчүн алдыга койгон асыл максаттарды, конкреттүү иш-пландарды ишке ашырууга бардык аракет жасала турганын Президент Садыр Жапаров билдирди.