Улустун улуу күнү менен бир катар мамлекеттердин өлкө башчылары Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин куттуктады.
Руханий жаңыланууга, тынчтыкка жана биримдикке үндөгөн жаз майрамы кубаныч, береке алып келсин деп айтылат куттуктоо телеграммаларында.