Жаңылыктар
Таласта Нооруз майрамы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта Нооруз майрамы белгиленди

Нооруз майрамы Таласта да белгиленди. Облустук музыкалык мектептин жыйындар залында өткөн майрамдык иш-чараны Талас шаардык мэриясы жергиликтүү өнөрпоздор менен чогуу уюштурган.

Талас облустук Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин сахнасында майрамдык оюн-зоок көрсөтүлдү. Балдарга билим берүү борборунун жаш өнөрпоздору Кыргызстанда жашаган ар бир улуттун ыр-бийлерин тартуулашты.

Аксакалдар, ак элечек апалар менен бирге бийлик өкүлдөрү жалпы журтка куттуктоолорун айтышты.

Иш-чаранын алкагында уз, чеберлердин колунан жаралган керме сайма көргөзмөсү уюштурулган. Майрамга келгендер улуттук көөнөрбөс өнөрдүн көркөмдүгүнө көз салышты.

Кадырман аксакалдар акыркы кездеги өлкөдөгү жаңылануулар, өзгөрүүлөргө баа берип, өнүгүү болуп жатканын белгилешти.

Жаз майрамын айыл-айылдарда жамааттар белгилеп, түнү менен кайнатылган сүмөлөк таратылып, токчулук, тынчтык даңазаланды.