Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Ош шаарындагы Нооруз майрамына катышты. "Мээрим" багында даярдалган сүмөлөк ачуу жөрөлгөсүнөн соң, борбордук аянттагы майрамдык программага күбө болду.
Эдиль Байсалов жалпы жарандарды майрамы менен куттуктап, токчулук, молчулук каалады. Шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюшулган спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештерди көрүп, ишкерлер, сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөр катышкан жарманкеге катышты.