Жаңылыктар
Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Си Цзиньпин жакында Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын чогуу белгилегенин эске салды.

"Пекин шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын жүрүшүндө биз достукка негизделген жемиштүү жолугушуу өткөрүп, анын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү, "Бир алкак, бир жол" демилгесин биргелешип курууга көмөктөшүү жана коронавирус инфекциясы менен күрөштө кызматташтыкты бекемдөө боюнча кеңири макулдашууларга жетиштик" — деп белгиледи ал. КЭР Төргасы кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын жана эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достукту чыңдоо жана өлкөлөр менен эки элдин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кызыкчылыгында кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин жогорулатууда жалпы күч-аракеттерди жумшоого даяр экенин белгиледи. Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ишинде бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана бакыт каалады.