Жаңылыктар
Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Мамлекет башчысы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Жогорку адеп-ахлактык идеалдарды ишке ашырган бул куттуу жаз майрамы руханий жаңыланууга, тынчтыкка жана биримдикке үндөйт. Эзелтен аздектеп келген Нооруз биримдиктүү боордош мамлекеттерибизге кубаныч жана береке алып келсин.

Биздин биргелешкен күч-аракетибиздин аркасында бекем достукка жана ынак коңшулукка негизделген Казакстан менен Кыргызстандын союзу элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да динамикалуу өнүгө берерине терең ишенем. Нооруз ар бир үйгө байгерчилик жана өсүп өнүгүү алып келсин!", — деп айтылат Казакстандын Президентинин куттуктоосунда.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго өлкөнүн туруктуу өсүп өнүгүүсү үчүн бардык жакшы иштерде чоң ийгиликтерди, боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.