Нооруз майрамы Бишкекте дагы өзгөчө шаан-шөкөт менен өтүп жатат. "Ала-Тоо" аянтында уюштурулган майрамдык салтанатка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышып, шаарлыктар менен меймандарды жана жалпы эле кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.
Жаӊы жылдын келгенин жар салып, жакшы тилек-үмүттөрдү сунган быйылкы Нооруз күнүн өлкө жакшы жетишкендиктер менен тосуп жаткандыгын белгиледи. Дүйнөлүк экономикалык жана каржылык каатчылыктын таасирине карабастан, ушундай жооптуу мезгилде Кыргызстан элине ынтымак жана биримдик керек экендигин айтты. Өлкөнүн жана балдарыбыздын келечеги кандай болоору өзүбүзгө гана байланыштуу. Ошондуктан, өлкөнү өнүктүрүү үчүн жеңди түрүп, жапырт иштей турган учур келгенин айтты төрага.