Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды парламенттин жана өзүнүн атынан Нооруз майрамы менен куттуктады.
"Биздин ата-бабаларыбыз жаздын келишин күн менен түндүн теңелген күнү жаздын гана башталышын эмес, жаңы жашоонун башталышын, табияттын кайра жаралышын жана рухий жактан тазаланууну билдирет деп эсептешкен.
Ноорузда элдер бири-бирине тынчтыкты, боорукердикти каалап, жаңыланууну жаз менен, жакшылыкты жай менен, күз-кыштан токчулук менен ырыскыны байланыштырат.
Бул күнү биримдиктин, ынтымактын белгиси катары сүмөлөк даярдалып, улуттук оюндар өткөрүлүп, ата-бабалардын баа жеткис мурасы даңазаланат. Адамдардын жүрөгү кубанычка, шыктанууга толуп турат. Дал ушулар жаз майрамын кызыктуу жана баалуу кылган нерсе. Жаздын бир күнүн колдон чыгарбайлы!
Ар бир адам өлкө үчүн пайдалуу иш жасасын, биз биргелешип максатыбызга жетебиз – биз күчтүү жана гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз! Нооруз ар бир үйгө бакыт, береке алып келсин!".