Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинде Нооруз майрамына арналган иш-чара өттү. Аны куттуктоо сөзү менен Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков ачты.
Концерттик программа Венгриянын лингвистика жана этнография илимдеринин кандидаты, венгр манасчысы Давид Кара Сомфайдын аткаруусунда, ошондой эле бул өлкөдө билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин аткаруусундагы улуттук чыгармалар менен коштолду.
Иш-чарага Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин, Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин Венгриядагы өкүлчүлүгүнүн жана Мадяр-Туран фондунун өкүлдөрү катышты.