21-мартта Нооруз майрамын майрамдоо учурунда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтынын, Эски аянттын айланасындагы көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилет. Борбор калаанын милициясы кабарлагандай, 21-мартта таңкы саат 5тен 22-март саат 1ге чейин Чүй проспектиси жана Абдымомунов көчөсү, Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабык болот.
Калган көчөлөрдө кыймыл кадимкидей жүрөт. Бишкек шаардык милициясынын күзөт-кайгуул кызматы 20-марттан тартып, эки күн күчөтүлгөн тартипте иштейт. Коомдук тартипке 6 миңден ашуун милиция кызматкери көз салат.
Мамлекеттик маанилүү мекемелер кайтарууга алынып, эл чогулган жерлерге көзөмөл күчөтүлөт. Мындан тышкары кайгуул кызматы шаардын бардык жеринде коомдук тартипти көзөмөлдөйт.